Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:07

Узакбаев: Казакстан биздин эт-сүткө тыюу салды


Казакстан Кыргызстандан ташылган эт жана сүткө тыюу салганы айтылууда. Буга байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаты Талантбек Узакбаев "Азаттыкка" маек курду.

- Казакстан Кыргызстандан ташылган эт жана сүт азыктарына тыюу салганын айтып чыктыңыз. Бул маалыматты Казакстандын тиешелүү адамдары тастыктадыбы?

- 19-октябрда Казакстандан Кыргызстанга расмий кат келди. Бул катта Кыргызстандын аймагында шарп ылаңы катталганына байланыштуу Бажы биримдигине кирген өлкөлөргө мал чарба продуктуларын жана малды киргизүүгө тыюу салганы белгиленген. Ошонун ичинде эт, сүт азыктарынын бардыгына тыюу салган.

- Айыл чарба министрлиги тастыктай элек маалыматты айтып чыкканыңыз эки өлкө ортосундагы мамилеге кедергисин тийгизбейби? Мисалы, кечээ эле кыргыз-казак парламентарийлери кызматташууну жакшыртуу боюнча жыйын өткөрбөдүбү?

- Ушул эле багытта кыргыз-казак ортосунда 2007-жылы тыюу салынган документ бар. Ал чектөө дагы деле алынып салына элек болчу. Бирок анын ичинен сүт менен айрым эт продуктуларына уруксат берилген эле. Бүгүнкү күнү Казакстан кайрадан тыюу салгандыктан Астанадан бул документти суратып алдым.

Ал эми кечээ күнкү парламентарийлердин жыйынында да казак кесиптештерден "ушул жаатта жардам бере аласыздарбы" деп өтүндүм. Бирок алар бул ветеринардык кызматтын иши экенин билдиришти.

Шарп ылаңына байланыштуу тыюу салынып жаткандыктан бул чектөө бир жылга чейин алынбайт. Муну мен ветеринардык дарыгер катары билип турам. Бир жылдан кийин деле Кыргызстан аймагындагы кырдаалды инспекциялап, ошого жараша ачылышы мүмкүн.

- Сиз тыюу салынган продуктулар Казакстан эле эмес, Бажы биримдигине кирген өлкөлөргө кирбейт деп айтып жатасыз. Бул Кыргызстанды Бажы биримдигине киргизүү аракети эмеспи?

- Бул жерде эч кандай саясат жок. Бул Кыргызстандын аймагында эпизоотикалык абалдын начардыгына байланыштуу гана кабыл алынды. Албетте мындай кырдаалда башка мамлекеттер өзүнүн аймагын инфекциядан коргойт.

Айыл чарба министрлиги бүгүнкүгө чейин тыюу салынган нерсени, абалды билбесе кандай болот? Азыр үч эле мамлекет - Казакстан, Орусия жана Беларус эт, сүт азыктарын өткөрбөй жатат.

Ал эми Владимир шаарында эл аралык эпизоотикалык уюмдун лабораториясы бар. Ал жакта кыргызстандыктар алып барган патологиялык материалдар текшерилип, тастыкталды. Ошол эле учурда Владимир борбору кырдаал боюнча маалыматты Париждеги эпизоотикалык бюрого берет. Ал жактан Кыргызстанда шарп ылаңы чыгыптыр деп бүт дүйнөгө тарайт. Аны биз эч жашыра албайбыз.

- Эгер чын эле ушундай болсо, бул кыргызстандык чарбакерлерге, эт, сүт менен иштеген малчыларга кандай кедергисин тийгизет?

- Абдан жаман кедергисин тийгизет. Бул жөнүндө биз комитетте, Жогорку Кеңештин жыйынында айтып эле келатабыз. Анткени бүгүнкү күндө бир дыйкан чарба, ал тургай айылдагы сүт сатып бала-чакасын багып, окутуп келаткан үй-бүлөлөр абдан көп. Айыл жергесинде элдин 50% сүт менен жан багат.

Азыр көбүнесе Казакстанга сүт өткөргөн ири “Бишкексүт”, “Кантсүт” өңдөнгөн ишканалар сүт алууну кескин кыскартат. Себеби алар аны каякка өткөрмөк эле? Ал эми Кыргызстандын ички рыногунда сүт анча деле пайдаланылбайт. Анткени калктын көбү айылда турат, алардын өздөрүнүн малы бар, сүт деле сатып албайт. Мисалы, Казакстанга күнүнө 70-80 тонна сүт чыгып турчу.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG