Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:09

"Курманжандын кырк кызы" Бишкектин ат майданында мелдешип жатышат


"Курманжандын кырк кызы" Бишкекте чогулушту. Кыргызстандын булуң-бурчтарынан келген, атка мыкты минген 40 кыз-кезин бүгүн "Ак Кула" ат майданында мелдешип жатышат. «Кыз жарыш», «Жаа тартмай», «Кыз куумай» жана «Аламан байге» улуттук ат оюндары боюнча мелдештердин эң мыкты оюнчулары эртең сыйланышат. Иш-чара быйыл Кыргызстанда кеңири белгиленип жаткан Курманжан датканын 200 жылдыгына арналууда. Буга чейин алар жер-жерлерде өткөрүлгөн райондук, облустук сынактарды жеңип келишкен. (RK)

XS
SM
MD
LG