Бүгүн Бишкектеги “Аккула” ат майданында “Курманжандын кырк кызы” деген аталышта ат оюндары өттү. Кыргызстандын ар бир дубанынан бештен кыз келип, ат майданында жаа атуу, кыз куумай, жоолук алмай, кыз жарыш өңдүү улуттук оюндардын түрлөрү боюнча күч сынашты.
“Азаттыктын” спорттук баяндамачысы Кабыл Макеш билдиргендей, оюндардын жыйынтыгында биринчи орунду Чүй облусунан келген кыздар утуп алышып, аларга 60 миң сомдук акчалай сыйлык ыйгарылды. Экинчи орунду Ысык-Көлдүк, үчүнчүнү Таластын кыздары камсыз кылышты. Бул иш-чара Курманжан датканын 200 жылдык мааракесинин алкагында уюштурулду. (KKs)