Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:31

Бишкекте сотко нааразы болгондор митингге чыгышты


Ушу тапта Бишкектеги Кыргыз улуттук филармониясынын алдында митинг өтүп жатат. "Азаттыктын" кабарчысынын маалымдашынча, чогулгандардын саны 50 чакты адам. Алар колдоруна "Кыргызстан - кыйноолордун өлкөсү", "Каптагаев кетсин!" деген жазууларды кармап турушат. Митингди апрель окуясы боюнча соттолуп жаткан Данияр Дунганов менен Нурлан Темирбаевдин тарапкерлери уюштурганы айтылууда. Алар Дунганов менен Темирбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүп, коё берүүнү талап кылышууда. Экөө тең мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басарлары болушкан. Аталган кызматтын мурдагы жетекчиси, экс-президент Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш Бакиевдин буйруктарын аткарып, элге аткан деген негизде соттолуп жатышат.

Нааразы болгондор алдына келген филармониянын ичинде Бириккен Улуттар Уюмунун күнүнө арналган салтанаттуу жыйын өтүп жатат. Ага президент Роза Отунбаева, БУУнун Кыргызстан менен кызматташкан баардык түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жана чет элдик элчилер катышууда. (MiT/RK)

XS
SM
MD
LG