Ливиянын убактылуу кеңешинин жетекчиси өлкөнүн мурдагы лидери кандайча өзү туулган шаарда тирүү колго түшкөндөн кийин башына ок жеп көз жумганын тергөөгө буйрук бергенин жарыялады. Бүгүнкү пресс-конференцияда Мустафа Абдул-Жалил Каддафинин өлүмү боюнча карама-каршы кабарлар келип жаткандыгын белгилеп, өткөн бейшембидеги окуяны Улуттук Убактылуу Кеңештин комитети иликтей тургандыгын бышыктады. Абдул-Жалил ошондой эле Каддафини аны өзүнүн эле колдоочулары өлтүрүп салган болушу керек деген божомолун кошумчалады. Кошмо Штаттары, Британия жана укук коргоочулар жарадар Каддафини козголоңчулар өлтүрүп салбагандыгын иликтөөгө чакырышкан.