Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:22

Ошто психикалык саламаттыгы начарлагандардын саны өсүүдө


Соңку жылдарда Ош облусунда психикалык жабыркоонун жеңил түрлөрүнө чалдыккандардын саны өскөнү байкалууда. Бул тууралуу бүгүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Депрессия, тынчсыздануу, уйкунун бузулушу, жээлигүү сыяктуу оорулар көп катталууда. Былтыр Ош облустук психикалык саламаттык борборунда 127 бейтап болсо, быйылкы жылдын 9 айында эле 187 адам катталган. Негизги себептер - жумушсуздуктун өсүшү, жашоонун начарлашы, былтыркы улут аралык коогалаң жана жаратылыш кырсыктары. (RK)

XS
SM
MD
LG