Баңгилерге карата метадон терапиясын колдонуу программасы тууралуу "Тузак" документалдуу тасмасы элге көрсөтүлбөшү керек. Мындай талапты бир катар коомдук уюмдар коюп жатышат. Алардын пикиринде, кинорежиссер Эрнест Абдыжапаровдун бул тасмасы бир жактуу болуп калган. Анда адистердин пикири камтылган эмес жана тасманын каармандарына карата терс мамиле байкалат.
Эрнест Абдыжапаров "Азаттыкка" метадон терапиясы тиешелүү талапта жүргүзүлбөгөндүктөн, көптөгөн баңгилер бул адатынан кутулмак түгүл, андан да оор абалга туш болуп жаткандарын айтты. Режиссердун айтымында, тасманы тартуу боюнча эч кимден буйрук болгон эмес. Бул анын жеке демилгеси.
"Метадонду эртең менен таратып берип коюшат. Андан кийин эч кандай көзөмөл жок. Көбү метадондун артынан димедрол сайынып алышып, кумарлануусун улантып эле жатышат. Бирок кадимки маңзаттардан айырмаланып, метадондон кийин бир ай бою кыйналып, өлгөндөр да бар", - дейт Абдыжапаров.
"Тузак" тасмасы быйыл тартылган. Анын бет ачары өткөн аптада Кино үйүндө жана Жаштар министрлигинде өткөн. Метадон терапиясы атайын дары берип, баңгилерди маңзаттан кутултуу үчүн жасалып жатканы айтылып келет. Ага көптөгөн суммадагы каражат коротулууда. (RK)