Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:09

Жалал-Абад шаарындагы орус мектептерине адистер жетишсиз


Мындай маалымат шаардык билим берүү башкармасынын жетекчиси Чырмаш Доороновдон алынды. Анын маалыматына ылайык, Жалал-Абаддагы окуучуларга орус жана өзбек тилинде билим берген мектептерге орус тилинде математика, химия, физика жана чет тилинен сабак берүүчү жаш адистер жетишсиз болууда. Буга Ош жана Жалал-Абад же башка шаарларда орус мектептери үчүн ушул сабактар боюнча мугалимдерди даядоочу жогорку окуу жайларынын жоктугу, ал эми кыргыз тилинде билим берген жогорку окуу жайларынын адистери болсо орус тилинен кыйналып, сабак өтүүдө орус сөздөрүн так жана туура айта албагандыктан уялышып, мектептен чыгып кеткендери болууда. (YA)

XS
SM
MD
LG