Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:34

Кыргызстандык төрт миң зыяратчы Меккеде жүрөт


Бүгүнкү күнгө карата Сауд Арабстанга барган кыргызстандык зыяратчылардын саны 4 миң адамга жетти. Бул тууралуу Кыргызстандын Мекке шаарындагы ажылык штабынан “Азаттыкка” билдиришгти.

Штабдын башчысы Рахматулла Эгембердиевдин маалымдашынча, кыргызстандык зыяратчылар Мекке шаарынын эки районуна жайгаштырылган. Ар бир райондо тез жардам көрсөтүүчү ооруканалар бар. Жардамга муктаж адамдарга Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинен барган дарыгерлер жардам көрсөтүшүүдө.

Быйыл Кыргызстандан 5 миң адам Меккеге зыяратка аттанган. Калган миң адам 31-октябрга чейин Сауд Арабстанга учуп кетишмекчи. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG