Орусиянын жарандыгын алуу мындан ары кыйла татаал болоорун бүгүн Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен кабарлашты. Адегенде жашаган жер боюнча берилчү миграциялык каттого тургандан кийинки тастыктоочу кагаз же утурумдук жашоого уруксат аланыш керек. Андан кийин Орусияда турууга укук бере турган документ алуу зарыл. Ошондон кийин гана жарандык алууга камынса болот. Адатта мигранттар миграциялык картаны көрсөтүп гана жарандыкка өтүп кетишчү. Орусиянын мыйзамдарына өзгөртүүлөр орус президентинин 19-октябрдагы жарлыгына ылайык киргизилди. Орусиядагы кыргызстандыктар менен иштешкен “Кыргыз биримдиги” коомдук уюмунун төрагасы Абдыганы Шакиров өз эсептөөлөрүнө таянып, соңку маалыматтар боюнча 400 миңге жакын адам орус жарандыгын алганын "Азаттыкка" айткан. (AiK/RK)