Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:59

Акматов: Эртең өлкөнүн тагдыры чечилет


Жеңиш Акматов
Жеңиш Акматов

Ушул тапта президенттикке талапкерлер үгүт өнөктүгүн токтотуп, өлкө боюнча жымжырттык күнү өкүм сүрүп жатат. БШК мүчөсү Жеңишбек Акматов "Азаттыкка" маек курду.

- Үгүт иштери жыйынтыкталып, шайлоого бир күн калды. Жер-жерлердеги шайлоо комиссиялары добуш берүүгө толук даярбы?

- Биздин маалымат боюнча бардык шайлоо комиссияларына бюллетендер жеткирилди. Протоколдун бланкалары да жеткирилди. Мөөнөтүнөн мурда добуш берүүчүлөр добуштарын берип бүтүштү.

Бүгүн болсо эртең участокко келе албаган ооруканадагы, убактылуу кармоочу жайдагы жарандар добуштарын беришүүдө. Эртең шайлоого карата бардык 3 миңдей участок даяр.

- Алдын ала добуш берүүгө Кыргызстандын канча жараны катышты?

-
Бул толук тактала элек. Акыркы сандарды ала элекпиз, жыйынтыктарды кечээги күндөн бери ар бир участоктон берип атышат. Эки миңге жетпеген киши бар го дейм.

- Шайлоого карата даярдыкка байланыштуу кандай кыйынчылыктар болуп атат?

- Жаңы мыйзамга ылайык, шайлоочулар тизмесин түзүү системасы толук жаңыланганына байланыштуу тизмеде бир аз маселелер чыгып жатат. Себеби азыр кошумча тизме жок. Шайлоого катышам деп өзүнүн арызы менен кайрылгандар гана эртеңки шайлоого катышат. Ал эми 20-октябрга дейре өзүн тизмеден тактабаган жана арызын жазбаган Кыргызстандын жарандары эртең шайлоого бара албай, конституциялык укугун колдоно алышпай калат.

- Бүгүн жымжырттык күнү деп атабыз, үгүткө жол берилбейт. Бирок ага карабастан мыйзам бузгандар катталдыбы?

- Бүгүн эч ким үгүт жүргүзө албайт. Бирок бул жерде да талаш маселе көп. Талапкерлер бүгүн расмий түрдө ММК аркылуу үгүт жүргүзө алышпайт. Бирок мурун чыккан кагаздарын тымызын тараткандар болушу мүмкүн. Бирок ал тууралуу бизге арыз түшө элек.

- Шайлоо алдында добуш берүүчүлөргө эмне деп кайрылат элеңиз? Добуш берүүнүн эрежеси кандай болот?

- Урматтуу кыргызстандыктар, мекендештер, эртеңки шайлоодо мамлекеттин келечек тагдыры чечилип жатат. Биз мамлекетибиздин башчысын шайлайбыз. Бардыгыңыздарды активдүү болуп, акчага сатылбай, Кыргызстандын келечеги үчүн добуш берүүгө чакырат элем.

Сөзсүз документиңерди, паспортуңарды, пенсионер жана айдоочу күбөлүгүңөрдү жаныңарга алып алгыла. Аскер кызматындагылар аскер билеттери менен добуш бере алышат.

- Рахмат.

XS
SM
MD
LG