Кипрдин грек жана түрк бөлүктөрүнүн лидерлери аралдын биригүүсү боюнча эки күндүк сүйлөшүүлөрдү башташууда. 1974-жылы Грециянын колдоосу менен ишке ашкан төңкөрүштөн кийин Түркия аралдын түндүгүн ээлеп алган. 2004-жылы Кипр Европа Биримдигине кабыл алынган, бирок шаркеттин мыйзамдары эл аралык коомчулук тааныган түштүктө гана иштейт. Улуттар уюмунун арачылыгы менен өткөрүлүгөн буга чейинки сүйлөшүүлөр майнапсыз аяктаган.