Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:04

Баткен: Кыргыз-тажик чек арасы ачык


Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Жеңиш Разаков учурда кыргыз-өзбек чек арасы мурдагыдай бир тараптуу жабык экенин, кыргыз-тажик чек арасы ачык экенин, бирок коопсуздукту күзөтүү күчөтүлгөнүн “Азаттыкка” маалымдады. Чек арада чыр-чатак, жаңжалдар катталбаганын, буга чейин шайлоого байланыштуу күчөтүлгөн тартип боюнча коңшу өлкөлөрдүн тартип коргоо органдары менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнүн айтты.

Разаковдун билдиришинче, Баткенде 198 шайлоо участкасы ачылды. Коопсуздукту беш жүздөй милиция күзөтүүдө. Ошондой эле ыктыярдуу элдик кошуундун миңдей өкүлү жүрөт. (EBM)

XS
SM
MD
LG