Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:44

Орозобекова: Бул жолку шайлоо өлкө тагдырын чечет


"Dе-факто" гезитинин редактору Чолпон Орозобекова, Женева, 2010
"Dе-факто" гезитинин редактору Чолпон Орозобекова, Женева, 2010

Бул жолку президенттик шайлоонун мааниси тууралуу “Де-факто” гезитинин башкы редактору Чолпон Орозобекова “Азаттыкка” маек курду.

- Бүгүн кыргызстандыктар төртүнчү президентти шайлашууда. Ар бир жарандын добушу өлкөнүн келечегин аныктайт эмеспи. Сиз шайлоочулар тандоону талапкерлердин эмнесине карап жасашы керек деп ойлойсуз?

- Албетте эл биринчи кезекте Кыргызстандын келечегин түптөй алган, мамлекеттин бүтүндүгүн сактай алган талапкерди тандашы керек деп эсептейм.

- Кыргызстандагы жана чет элдик байкоочулар бул шайлоонун тагдыр чечүүчү мааниге ээ экендигин айтып жатышат. Ошондой эле өлкөнүн келечегин аныктайт деп белгилегендер бар. Сиздин көз карашыңызда бул шайлоо мурункулардан эмнеси менен айырмаланат?
Эгерде биз алдатсак, анда Кыргызстандын келечеги кыйын болот, сөзсүз артка кетүү болот.

- Бул тагдыр чече турган, өзгөчө шайлоо. Бул жерде Кыргызстан бар болобу, же жок болобу деген суроо турат. Себеби бул шайлоодо үч-төрт фактор бар. Биринчиден, кулаган бийликтин калдыктары - бакиевчилер аябай күчтөнүп, көп акчаны жумшап, акыркы аракетин жасап жатат. Кайтып келип, криминалдашкан бийлигин, Бакиевди болбосо да, өздөрүнүн адамын алып келгени жатышат.

Экинчиден, тарыхта биринчи жолу тактыда отурган президент бийликте калам деп аракеттенген жок. "Бийликти мыйзамдуу өткөрүп берем жана шайлоону таза өткөрөм" деп айтып жатат. Бул эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу болууда.

Учурда эң башкысы - революциялык күчтөр менен бакиевчилердин ортосунда күрөш болуп жатат. Бул жерден “кайрадан Бакиевдин бийлигинин калдыктары кайтып келсинби же жаңыча өнүгөбүзбү?” деген суроо туулуп жатат.

Угармандарга кайрылат элем: буга чейин акчага сатылып келдик, бир тонна көмүргө, бир литр майга сатылган учурлар болду. Абийирин сатып, добушун берди. Ошонун айынан Бакиевдин “Ак жол” партиясы уткан, анын кандуу бийлиги бекемделген. Эми бул жолку шайлоодо жетишет деп, абийир менен көздү ачып, добуш берели демекчимин.

- Сиз азыр Швейцариядасыз. Бул шайлоого эл аралык коомчулук кандай маани берип жатат?

- Өзгөчө маани берүүдө. Кыргызстан бар болобу, же жок болобу? Кыргызстан демократиялык өнүгүүдө жаңы бир деңгээлге өтөбү, же кайра авторитаризмге кайтабы деген суроо болуп жатат.
Кулаган бийликтин калдыктары - бакиевчилер аябай күчтөнүп, көп акчаны жумшап, акыркы аракетин жасап жатат.

Ошондой эле парламенттик республика болуп калабызбы - бул да чоң суроо. Бул да ошол шайлоодон көз каранды деп эсептейм. Себеби өткөндө “Де-фактодо” сурамжылоо жүргүздүк, анда көпчүлүк талапкерлер президенттик бийликти орнотуш керек деген турумда экен. Ошол талапкерлер утса, анда Кыргызстандын тагдыры кандай болот? Парламенттик республика болуп кала алабызбы, же жокпу? Ушул маселе да чоң суроо жаратат. Эгер талапкерлердин арасынан президенттик күчтүү бийликти колдойм деген бирөө утуп алса, Конституцияны сөзсүз өзгөртөт.

- Бул шайлоо Кыргызстанды бириктире турган вазийпаны аткарышы керек деп жатат. Сиз кандай ойлойсуз?

- Бул шайлоо Кыргызстанды бириктирет деген үмүт бар. Себеби Кыргызстандын бүтүндүгүн сактап калабыз деген адам шайлоого барып, өз добушун бериши керек.

Ошондой эле ар кандай чагымчыл чакырыктарга алдырбай, түндүк-түштүк деп бөлүүгө аракет кылып жаткан саясатчылардын ураандарына алданбоо керек.

Добуш берип, аны уурдатпайлы деген шайлоочу жүрөгү менен добуш берет деп ойлойм. Эгерде биз алдатсак, анда Кыргызстандын келечеги кыйын болот, сөзсүз артка кетүү болот. Ошон үчүн ар бир киши өз добушун жүрөгү менен салышы керек.

Азыр 16 талапкер болгону менен эң негизи күрөш революциялык күчтөр менен бакиевчилердин ортосунда болуп жатат.

- Сиз “Де-факто” гезитинин башкы редакторусуз. Ушул гезиттин артында кимдер турат? Кыргыз коомчулугунда бул туурасында ар кандай кептер айтылып жүрөт.

- Албетте азыр маалымат айдыңында көп гезит бар. Бирок артында кожоюндар, же партия болгон учурлар көп кездешүүдө. Ошондуктан ушул суроо жаралып жатса керек. Бирок бул гезитти жолдошум экөөбүз 2007-жылдан бери чыгарып келе жатабыз. Анан Бакиевдин бийлиги менен жабылып калган.

7-апрель болуп, бир үмүт пайда болуп, аракет кыла баштагандан бери толук бир жыл каражат издедик. Эми биз да катардагы үй-бүлөбүз да, бай эмеспиз. Бир жыл бою биз эл аралык уюмдарга улам бир долбоор жазып отуруп, акыры бир каражат тапкан элек. Мына ошондон бери өз күчүбүз менен сүйрөлүп, чыгарып, аракет кылып келе жатабыз. Мен ишенимдүү түрдө айта алам: “Де-фактонун” артында эч бир саясатчы да, партия да жок.

- Рахмат.

XS
SM
MD
LG