Саат 15ке карата өлкө боюнча жалпы шайлоочулардын 36,41 пайызы добуш беришти. "Шайлоо" мамлекеттик автоматташтырылган системасынын маалыматы боюнча, 3 миллион 32 миң 681 шайлоочунун 1 миллион 104 мин 228 шайлоочу өз добушун берди. Эң көп активдүүлүк Чүйдө (48,96%) байкалууда. Андан кийин Нарында (47,53%), Таласта (45,93), Бишкекте (41,93%), Ысык-Көлдө (38,4%), Баткен (33,01%), Жалал-Абад (29,81%), Ош (28,74%) облустарында. Эң төмөн көрсөткүч Ош шаарында - 26,98%. Добуш берүү саат 19да аяктайт. (RK)