Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:00

Москвада 450 кыргызстандык добуш берди


Москвада шайлоо күнүнүн алгачкы 4 саатында 450 кыргызстандык добуш берди. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен "Азаттыкка" кабарлашты.

Жалпысынан бул жерде шайлоочулардын тизмесине 15 миң 542 адам кирген.

Элчиликтин имаратында ачылган добушканада Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясынын, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын, «Жарандык коомду коргоо борборунун», «Мекен ынтымагы» коомдук бирикмесинин өкүлдөрү байкоочу катары катышып жатышат.

Добуш берүүнү чагылдырууга орусиялык «Интерфакс» маалымат агенттиги,  «МИР» телерадиокомпаниясы, “К-плюс”, «Азаттык», ЭлТР жана башка телерадиокомпаниялар катышууда. (RK)

 

XS
SM
MD
LG