Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:39

1-ноябрга карата аба ырайы


1-ноябрда Кыргызстанда айрым жерлерде жаан-чачын күтүлөт, күндүз Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан-чачын жаайт. Шамал батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 14 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз 2...7,
Талас облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз 2...7,
Баткенде түнкүсүн -2...+3, күндүз 2...7 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1...+4, күндүз 3...8,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2...-7 градус, күндүз 4...9,
Нарында түнкүсүн -5...-10, күндүз 1...6.
Тоолордо түнкүсүн -15...-20 градус, ал эми күндүз -5...-10.

Бишкекте дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Шамал батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы түнкүсүн 2...4 градус суук, күндүз 4...6 градус жылуу болот.
XS
SM
MD
LG