Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:54

Франциянын Чоң жыйырманын саммити өтчү шаарында демонстранттар жыйналууда


Деңиз жээгиндеги Ницце шаарында Чоң жыйырманын саммитин утурлай миңденген демонстранттар чогулууда. Өнөр жайлуу жана өнүгүп келе жаткан 20 мамлекеттин лидерлери ушул бейшемби жана жума күндөргө белгиленген саммитте глобалдык экономиканын өсүшү басаңдашын, евроаймактагы карыз кризисин талкуулайт.

Уюштуруучулардын айтымында, бүгүнкү демонстрацияга он миңдей адам катышары күтүлүүдө. Антиглобалисттердин нааразылык акциялары менен коштолору күтүлгөн саммиттин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Ницце шаарына Франциянын ар кай жеринен миңдеген полиция жана коопсуздук күчтөрү алынып келинди.

XS
SM
MD
LG