Аба ырайы кескин өзгөрүп, суук түшкөнүнө байланыштуу жайында берилип жаткан газдын көлөмү жылуулукту камсыз кылууга жетпей калган. Натыйжада Ош шаары толугу менен көгүлтүр отунсуз калды. “Ошгаз” чарба башкармалыгынын жетекчиси Таалайбек Максүтовдун “Азаттыкка” билидиршинче, учурда Өзбекстан менен сүйлөшүү жүрүүдө. Бүгүн кечке чейин газ берилиши мүмкүн экени айтылууда.
Ош шаарына жайкысын саатына 1700 кубметр газ талап кылынса, кышында бул көлөм төрт миң кубметрге чыгат. (КЕ)
Ош шаарына жайкысын саатына 1700 кубметр газ талап кылынса, кышында бул көлөм төрт миң кубметрге чыгат. (КЕ)