Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:56

Ооганстандагы коопсуздук Стамбулда талкууланат


Стамбулда бүгүн Ооганстан боюнча эл аралык конференция башталууда. Анда 2014-жылы чет өлкөлүк аскерлер чыгарылгандан кийин коопсуздукту камсыздоо боюнча жол картасы иштелип чыгат деп күтүлүүдө.

Ооган президенти Хамид Карзай регионалдык коопсуздук жана кызматташтык боюнча жаңы келишимдин долбоорун сунуш кылмакчы. Ооган тышкы министринин орун басары "Азаттыкка" билдиргендей, сөз болгон келишим тынчтык процессинин пайдубалдарынын бири болуп эсептелет.

Конференцияга АКШ, Пакистан, Иран, Индия, Борбор Азия өлкөлөрүнүн жогорку расмий адамдары жана БУУ, НАТОнун өкүлдөрү катышат.

XS
SM
MD
LG