Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:08

Журабаева: Парламент шайлоонун жыйынтыгына укуктук баа берүүгө акысы жок


Парламент шайлоонун жыйынтыгына саясый баа бере алат, бирок укуктук баа берүүгө акысы жок. Бул тууралуу бүгүн журналисттерге Боршайком мүчөсү Гүлнара Журабаева билдирди. Ал парламент төрагасы Ахматбек Келдибековдун демилгеси менен өтүп жаткан сүйлөшүүгө катышууда.

Журабаеванын айтымында, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарыш үчүн, мыйзам боюнча, добуш бергендердин кеминде үчтөн экисинин добушу жараксыз экени сот аркылуу далилдениши керек.

Парламенттеги сүйлөшүүгө катышып жаткан талапкер Турсунбай Бакир уулу канткенде ал мунасага келүүгө даяр экени тууралуу суроого жооп берип жатып: "эгерде шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, жаңы шайлоо болсо" деп жооп берген. Турсунбай Бакир уулунун пикиринде, азыркы учурда жалгыз легитимдүү жогорку мамлекеттик бийлик органы катары Жогорку Кеңеш президенттик шайлоонун жыйнытыктарына саясый жана укуктук баа бериши керектигин айткан.

Шайлоодо утулуп калгандардын тарапкерлеринин нааразылык акцияларынан өлкөдөгү кырдаал кайрадан курчуп кетпеши үчүн деп кечээтен бери парламент төрагасы Келдибеков шайлоого катышкан талапкерлер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Аларга парламенттеги фракциялардын да өкүлдөрү катышууда. (RK)

XS
SM
MD
LG