Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:09

Отунбаева "элибиз туруктуу өнүгүү үчүн добуш берди" деп эсептейт


Утулуп калган талапкерлер шайлоочулардын тизмеси так эмес, административдик ресурс колдонулду деген дооматтарды коюп жатышкандыгын президент Роза Отунбаева "Биринчи радиого" интервьюсунда айтты. “Бирок мен элибиз белгиленген багыттын бекемделиши, ырааттуу түрдө туруктуу өнүгүү үчүн добуш берди деп эсептейм”, - деди мамлекет башчысы.

Отунбаева эл аралык байкоочулар менен бир катар жолугушууларды өткөрүп, алар шайлоонун ачык-айкын, акыйкат өткөндүгүн тастыкташкандыгын белгиледи.

Айрым серепчилердин бул шайлоо регионализмди күчөтүп жибериши мүмкүн деген тынчсыздануусуна байланышкан суроого жооп берип жатып, президент мындай пикирге кошулбай тургандыгын билдирди. “Шайлоо өлкөнүн бир гана аймагында эмес, жалпы республикабызда өтүп жатат. Бардыгы үчүн бирдей эрежелер колдонулат. Процесске жергиликтүү, эл аралык байкоочулар менен катар ЖМК өкүлдөрү көз салып турушат. Ошондуктан мен мындай пикирлерге кошула албайм. Канткен менен талапкерлер республикабыздын бардык аймактарынан добуш алышты да. Бул – саясий күрөш, биз мындан ары да саясий маданиятыбызды жогорулатышыбыз керек”, - деди мамлекет башчысы. (RK)

XS
SM
MD
LG