Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:05

Холмирзаевдин иши Сокулук сотунда каралат


Бүгүн Сокулук райондук соту Орусиянын жараны Усманжан Холмирзаевдин өлүмүнө шектүү делген Базар-Коргон ички иштер бөлүмүнүн төрт кызматкеринин ишин карайт. Бул тууралуу “Кылым шамы” укук коргоо борборунун өкүлү Айбек Тойтуков “Азаттыкка” билдирди. Соттук жараянда жабырлануучу тараптын арызы каралары айтылууда. Орусиянын жараны Усманжан Холмирзаевдин өлүмү боюнча соттолуп жаткан эки милиционердин - Базар-Коргон райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Кубан Нуриев жана Мунарбек Маматалиевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн. Маркумдун жубайы Зулфия Холмирзаева мындай чечимге каршы болуп сотко арызданган.

Үстүбүздөгү жылдын 9-августунда Базар-Коргондо Холмирзаевдин ур-токмоктон мерт болгону боюнча 4 милиционерге кылмыш иши козголгон. 7-августта Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Холмирзаевди июнь коогалаңы боюнча суракка алып келишкен. Сурактан кайткандан кийин ал милиция кызматкерлери аны ур-токмокко алганын айткан. Эртеси күнү ал ооруканага жеткирилип, 9-августта каза болгон. Буга байланыштуу алгачкы соттук териштирүү 29-сентябрда өткөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG