Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:24

Ташиев нааразылык акцияларды уюштуруудан баш тартты


“Ата-Журт” партиясынан президенттикке талапер Камчыбек Ташиев бүгүн билдирүү таратты. Анда "өлкө тарыхында биринчи жолу таза, адилет калыс шайлоо өткөрүүгө белсенген менен, добуш берүү мурда болуп көрбөгөндөй мыйзам бузуулар менен коштолгону, миңдеген шайлоочулар добуш бере албай калганы" айтылат. Бирок шайлоодон кийинки оор кырдаалга байланыштуу, элдин бүтүндүгүн, тынчтыгын сактоо максатында ызы-чуу чыгарбоо тууралуу чечим кабыл алганы белгиленди.

Ташиев билдирүүсүндө шайлоонун жыйынтыктарын тактоо улантыларын, добуш берүүдө мыйзам бузууга жол берген жетекчилер жазаланышы керектигин кошумчалап, эч ким менен соодалашууга барбаганын айтты. (EBM)

XS
SM
MD
LG