Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:11

Президент Каримов Атамбаевди куттуктады


Өзбекстандын президенти Ислам Каримов жаңыдан шайланган президент Алмазбек Атамбаевди шайлоодогу жеңиши менен куттуктап кат жолдоду. Бул тууралуу Атамбаевдин шайлоо штабынан маалымдашты.

Куттуктоо катында өзбек лидери “Кыргызстандагы президенттик шайлоодо шайлоочулардын көбү сизге ишеним көрсөткөнү менен куттуктайбыз. Мында биз сиздин стабилдүүлүк, улут аралык жана жарандык ынтымакка келишүү, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн көрүлгөн чараларды ишке ашырууну камтыган программаңыз колдоого алынганын көрүүдөбүз”, – деп жазат.

Каримов Атамбаевдин программасы жакынкы жана алыскы коңшу мамлекеттер менен достукту чыңдоого багытталгандыктан да колдоого алынганын белгилейт. Өзбек лидери Каримов Атамбаевге ийгиликтер, ал эми Кыргызстан элине бейкуттук жана бакубатчылык каалап өткөн. (ЕК)

XS
SM
MD
LG