Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:27

ШКУ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын саммити өтөт


Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматынан “Азаттыкка” кабарлашкандай, бүгүн Орусиянын Санкт-Петербург шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын саммити башталат. Ага катышуу үчүн өкмөт башчынын милдетин аткаруучу, биринчи-вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов кечээ Орусияга учуп кетти. Өкмөт башчылардын жыйынында негизинен өз ара кызматташтык жана экономикалык маселелер тууралуу кеп болоору күтүлүүдө. Саммит шейшемби күнү жыйынтыкталат. ШКУга кирген өлкөлөрдүн президенттеринин жыйыны ушул жылдын июнь айында Казакстандын Астана шаарында өткөн. (KKs)

XS
SM
MD
LG