Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:19

Грекияда жаңы өкмөт куруу макулдашылды


Бүгүн Грекиянын саясий лидерлери улуттук биримдиктин жаңы өкмөтүн түзүүнү кеңешет. Азыркы премьер-министр Георгиос Папандреу кайрадан өкмөт башчылыкка келбейт.

Мындай макулдашуу президент, премьер-министр жана негизги оппозициялык партиянын лидери катышкан үч тараптуу жолугушууда жекшембиде жетишилди.

Грекиянын президентинин администрациясы тараткан билдирүүдө “26-октябрда Европа Биримдиги кабыл алган документтерди ратификациялап, анан дароо шайлоо өткөрүү үчүн жаңы өкмөттү түзүү чечими кабыл алынды” деп айтылат.

“Жаңы демокартия” деп аталган башкы оппозициялык партиянын лидери Антонис Самарас премьер-министр Папандреунун кызматтан кетишин жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү шарты менен жаңы өкмөттү курууга катышарын билдирди.

Грекиянын Коммунисттик партиясы болсо сүйлөшүүлөрдөн баш тартарын дароо билдирген.

XS
SM
MD
LG