Парижде венесуэлалык солчул согушкер Ильич Рамирес Санчес же Карлос Шакал деген эл аралык террористтин үстүнөн сот процесси башталды. 62 жаштагы Карлос 1975-жылы франциялык 2 полициячыны жана коопсуздук агентин өлтүргөндүгү үчүн 1997-жылы өмүр бою эркинен ажыратылган. Бул жолу ага 1980-жылдардын башында Францияда болгон 4 жардыруу боюнча айып тагылууда. Анда 11 киши набыт кетип, 100дөн ашууну жарадар болгон. Адвокаттар бул иштер жасалма көрсөтмөлөргө негизделген дешүүдө.
Карлос менен кошо германиялык жана палестиналык эки адам сыртынан соттолууда. Террорист 1975-жылы ОПЕКтин Венадагы жыйынына кол салып, 11 министрди барымтага алгандан кийин дүйнөгө таанылган.
Карлос 1994-жылы Суданда франциялык агенттер тарабынан кармалган.