Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:57

Шайлоо жыйынтыгы ушул аптада жарыяланышы мүмкүн


Президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы ушул апта ичинде белгилүү болушу мүмкүн. Бул тууралуу “Азаттыкка” Боршайком мүчөсү Нурмамат Ашымов билдирди. Анын айтымында, ушул тапта БШК чет өлкөлөрдөгү добушканаларды тейлеген аймактык шайлоо комиссиясынан протоколдордун түп нускасын күтүп жатат. Бардык аймактык комиссиялардан протоколдор толук келип түшсө, жыйынтык жарыяланат.

“Биз негизи ноябрдын ондоруна пландап жатабыз. Соттук жараяндар болуп кетпесе эле, ушул апта ичинде жарыялап калышыбыз мүмкүн”,-деди Нурмамат Ашымов.

Мыйзамга ылайык, расмий жыйынтык шайлоо өткөндөн кийин 20 календардык күндөн кечиктирилбей жарыяланышы керек. (KKs)

XS
SM
MD
LG