Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:08

Ажылык сапар декабрда карыйт


Кыргызстандын муфтийи Чубак ажы Жалиловдун “Азаттыкка” билдиришинче,  Кыргызстандан Сауд Арабияга аттанган акыркы зыяратчылар 2-декабрда Кыргызстанга кайтып келишет. Ажылар Арабияда орто эсеп менен 36 күн өткөрүшөт:

“11-ноябрда алгачкы рейсибиз Ошко келет. Ал жерде 195 адам болот. Анан экинчи рейсибиз 18-ноябрда. Андан ары күнүнө бирден, экиден рейс болуп олтуруп, акыркы рейсибиз 2-декабрга туура келет. Жалпы 26 рейс болот”,-деди Чубак ажы Жалилов.

Быйыл Сауд Аравиясы 5041 кыргызстандык үчүн виза ачып, алардын алгачкылары 11-октябрда Сауд Арабиясына жөнөп кетишкен. Өткөн аптада Мекеде эки эки кыргызстандык зыяратчы каза тапканы кабарланган. (KKs)

 

XS
SM
MD
LG