Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:59

Акыйкатчы президентти кумарканаларды жабууга макул болгону үчүн сындады


"Президент айрым кызыкдар депутаттардын жетегинде калбай, бул мыйзамды колдобойт деп үмүттөнгөм. Бирок өкмөттүн айтканына макул болбой, өлкө башчысы ага кол койду". Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акун тараткан билдирүүдө айтылат.

Мурдараак акыйкатчы Жогорку Кеңешке да кайрылып, кумарканаларды жабуу жөнүндөгү мыйзам ошол тармакта эмгектенген миңдеген жарандардын укугун бузат деген мазмунда кат жөнөткөн.

2012-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда кумарканалардын ишине тыюу салган мыйзамды депутаттар бир добуштан колдошкон. Кийин ага президент кол койду. Акыйкатчыныны айтымында, кумарканалардын ишин тейлеген 15 миңдей адам бар.

Соңку жылдары кумарканалар миңдеген кыргызстандык үй-бүлөлөрдүн жашоосуна бүлүк салып, кумарчы болуп кеткендердин азабын алардын жакындары тартып жатышканы коомдо көп айтылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG