Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:00

"Адилеттик": Жалал-Абад облусунда кыйноолор азайбай жатат


Жалал-Абад облусунда кыйноолор азайбай жатат. Бул тууралу облустагы
адам укугун коргоочу "Адилеттик" уюмунун программалар боюнча
координатору Абдималик Шарипов "Азаттыкка" билдирди. Анын ырасташында, кыйноолорду азайтууга бийлик башындагы адамдардын саясий эрки жетишсиз болууда. Жыйынтык чыгаарына көзү жетпеген, милиция, прокуратуранын тергөөсүнөн чочулаган адамдар ал иштеген уюмга берген арыздарын кайра алып коюшууда. Жыл башынан бери
уюмга кыйноо тартып, зордук-зомбулук көргөн 20дан ашык киши кайрылган. Облустук прокуратура кыйноо жана кызмат абалынан ашыра пайдалануу деген беренелер боюнча укук коргоо уюмдарынын ондон ашык өкүлүнө кылмыш иши козголуп, сотко өткөнүн билдирди. Жабык жайларда, өзгөчө тергөө абактарында кыйноолор улантылып жатканын мамлекет башчысы Роза Отунбаева да Ош, Жалал-Абадга барганда бир нече ирээт айтып, адам укугун тебелөөчү мындай кылмыштарды токтотуу талабын койгон. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG