Оштун Өзгөн шаарында 38 жаштагы кыргызстандык бир жарандан жардырууга даярдалып бүткөн, колго жасалган атайын жабдык табылды. Бул тууралуу бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен кабарлашты. Мындан тышкары андан жасалма гранаталар, детонаторлор, ок дарылар жана атайын зымдар табылган. Учурда кармалган киши УКМКнын тергөө абагына жеткирилип, террорчулук боюнча кылмыш иши козголду.
26-октябрда жардыргыч зат, жабдуу жана экстремисттик мазмундагы китептер Нарын шаарынын 21 жаштагы тургунунан да табылган. (RK)
26-октябрда жардыргыч зат, жабдуу жана экстремисттик мазмундагы китептер Нарын шаарынын 21 жаштагы тургунунан да табылган. (RK)