Бишкектин четиндеги "Манас" аэропортунда болгон окуяны атайын комиссия териштирип жатат. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" аэропорттун маалымат катчысы Жыпара Исраилова билдирди. Анын айтымында, 12-ноябрда учактар конгон талаада жүргүнчүлөрдүн жүгүн ташыган атайын унаа ошол жерде токтоп турган учактардын биринин оң жак капталын сүзүп алган. Анын алдыңкы терезесинен жарака кеткен. Учактын сол канаты канчалык деңгээлде жабыркаганы учурда такталып жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча, Dassault Falcon учагы Белгияда катталган. Ал жеке менчик учак. (RK)