Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:19

Евробиримдиктин министрлери Иранга чара көрүүгө үндөшүүдө


Брюсселге жыйынга чогулуп жаткан Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери атомдук программасына байланыштуу Иранга кысым көргөзүүгө үндөшүүдө. Германиянын тышкы иштер министри Гвидо Вестервелле аскерий сокку мүмкүнчүлүгүн чекте какты.
Бирок анын британиялык жана голландиялык кесиптештери андай ыкытымалдык жокко чыгарылбасын айтышты. Ал эми Франциянын министри Алэн Жюппе “терс көрүнүштөрдүн алдын алуу үчүн” эл аралык коомчулук Иранга каршы санкцияларды катаалдаштырышы керек деп билдирди.

Кечээ АКШ президенти Барак Обама Ирандын атомдук куралга жетишишине бөгөт коюу үчүн биргелешкен аракет көрүү максатында Кытай жана Орусия менен консултация өткөрүлөөрүн айткан.

Өткөн жумада Атомдук энергия боюнча Эл аралык агенттик Иран атомдук куралдын үстүнөн иштеп жатышы мүмкүн деп билдирген. Иран атомдук программасы тынчтык максаттарын гана көздөгөнүн кайталап, МАГАТЭнин докладын чекте какты. Айрым маалыматтарга караганда, БУУнун Коопсуздук кеңешинде вето укугуна ээ Орусия менен Кытай жаңы санкцияларга каршы.

XS
SM
MD
LG