Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:33

Орусия тажик мигранттарын депортациялай баштады


Бул тууралуу Тажикстандын расмий өкүлдөрү билдирүүдө. Тажикстандын миграция кызматынын кечээги маалыматына караганда, кеминде 11 тажик жараны миграция эрежелерин бузду деген жүйө менен өлкөдөн чыгарылууда.

Алар орус бийликтери акыркы күндөрү кармаган 300дөй тажик мигрантынын депортацияланып жаткандарынын алгачкы тобу.

Орусия бийликтеринин тажик мигранттарына карата соңку чаралары тажик сотунун өткөн аптадагы чечиминен кийин көрүлүүдө.

Орусиялык компанияга иштеген эки учкучтун сегиз жарым жылдан эркинен ажыратылышын расмий Москва кескин айыптоо менен кабыл алган.

Ооганстан тараптан эки учак менен келген учкучтар Тажикстандын Коргон-Төбө шаарынын аэропортунан быйыл мартта камакка алынышкан.

XS
SM
MD
LG