Ишине шалаакы мамиле жасап, бейтаптарга ВИЧ инфекциясын жугузган медицина кызматкерлерин соттоп, 15-20 жылга эркинен ажыратуу боюнча мыйзам долбоору иштелип чыгат. Бул тууралуу бүгүн ВИЧ жуккан балдардын энелери менен жолугушууда Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков билдирди. Кабарчыбыздын маалымдашынча, спикер ВИЧке чалдыккан балдарды мамлекеттик камсыздоого алуу керектигин да айтты. Бир нече күндөн бери Ошто, анан Бишкекте митинг уюштуруп жаткан энелердин талаптарын жана арыздарын териштирүү үчүн атайын комиссия түзүлмөй болду. Анын курамына депутаттар, өкмөттүн өкүлдөрү кирет. Митингдин катышуучуларына Жогорку Кеңештин төрагасынын фондунан 1 миллион сом бөлүнүп берилет.
Кечээ энелердин митингине бийлик өкүлдөрү көңүл бурбай, эч кимиси чыкпай койгон. Бүгүн алар менен спикер жолукту. Саат 16да өкмөттүн өкүлү кабыл алмай болуп жатат.
Бул энелер 2007-жылы Ош облусунда бир сыйра сайылуучу шприц менен ондогон балага ВИЧти жугузган медицина кызматкерлерин жазага тартууну, мындан ары бул өңдүү окуяларды болтурбоону, балдарга берилүүчү 3 миң сомдук жөлөкпулду кескин көтөрүүнү жана Ошто курулуп жаткан жаңы үйлөрдөн ар бир балага бирден батир берүүнү, 1 миллион сомдон бөлүп берүүнү талап кылып жатышат. Бул талаптар аткарылмайын кетпей турганын эскертишкен. Ушу тапта Кыргызстанда ВИЧ-позитивдүү балдардын саны эки жүздүн тегерегинде. (ZB/KKs/TD/RK)