Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:47

Каирдеги тополоңдо 11 кишинин каны төгүлдү


Египеттин баш калаасында коопсуздуз күчтөрү борбордук аянтка чабуул жасаганда, аз дегенде 11 кишинин окко учканын Ройтерс жана АФП агенттиктери кабарлады. Египеттин мамлекеттик кабар агенттиги өлгөндөр үчөө деп билдирүүдө.

Тахрир аянтында чатыр тигип отурган демонстранттарга каршы жүздөгөн аскерлер жана тартип коргоочулар көздөн жаш чыгаруучу газ, желим ок, союл колдонушту. Коопсуздук күчтөрү кечээ экинчи күн катары менен миңдеген демонстранттарды аянттан кетирүүгө аракет жасады.

Демонстранттар убактылуу аскерий жетекчилер бийликти өз колунда сактап калууга аракеттенет деп шектенишүүдө. Сыналгыдан окулган өкмөттүн билдирүүсүндө соңку кагылыштар саясий жараянды нугунан чыгарбайт деген үмүт айтылып, парламенттик шайлоо план боюнча 28-ноябрда өтөөрү ырасталды.

XS
SM
MD
LG