Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:51

"Жарыштагы багынбас бийчи - Атай Өмүрзаков"


"Прима" телеканалы Атайдын бийин жана смс добуш берүүнүн номерин көрсөткөн кадр.
"Прима" телеканалы Атайдын бийин жана смс добуш берүүнүн номерин көрсөткөн кадр.

Атай Өмүрзаков "Чехия - Словакияда таланттар бар" сынагынын финалдык таймашына өттү. Жарым финалда "Уолли" деген анимациялык фильм боюнча коюлган бийин аткарып, көрүүчүлөрдүн эң көп добушуна ээ болду.


Бийчи Атай Өмүрзаков "Чехия - Словакияда таланттар бар" телесынагынын жекшембиде өткөн жарым финалдык тандоосунан ийгиликтүү өтүп, финалга чыкты. Сынактын эрежеси боюнча "Прима" каналынан сынакты көргөндөр sms аркылуу жеңүүчүнү аныкташат.

Сынактын калыстар тобунун мүчөсү чехиялык белгилүү актер Мартин Дейдар Атай бул сынакта бийдин деңгээлин өтө бийик көтөргөнүн, чыныгы өнөр, жогору чеберчилигин тартуулаганын, бийдин жан дүйнөсүн чагылдырганын айтып, "сен башка планетадан келсең да, мага айырмасы жок, сени финалда көрсөм абдан кубанам жана сыймыктанам", деди.

Калыстардын дагы бири, словакиялык таанымал продюссер Яро Славик
"Мага кайсы өлкөдөн келсең да баары бир деп айта албайм, себеби сен Кыргызстандансың. Эгерде мен азыр жаңылбасам, "Кыргыз" – багынбас дегенди билдирет. Сен биздин жарыштагы багынбас бийчи - Атай Өмүрзаковсуң", деген баасын берди.

Атайдын бийин көрүп отуруп, көз жашын жашыра албаган белгилүү ырчы Люция Била "Кимдир бирөөнүн бийи мени көз жашка чейин толкундантат, ушунчалык эмоцияга батырат, ушунчалык таасир этет деп ойлогон эмесмин. Сен бүгүн ушул жакка келип өнөрүңдү тартуулаганың үчүн өзүмдү бактылуу сезүүдөмүн" деп сөзүн "Я тебя люблю" деп орусча бүтүрдү.

(Атайдын Братиславада аткарган бийи. U-Tube сайтынан алынды)


Эки коңшу өлкө биргелешип уюштурган телесынактын жеңүүчүcү декабр айынын этегинде аныкталат. 100 миң евро баш байге ээси өз өнөрүн Американын оюн зооктору менен белгилүү Лас Вегас шааарында тартуулоого мүмкүнчүлүк алат.

Быйыл биринчи жолу чет өлкөлүк жарандар шоуга катышуу укугун алышкан. Калыстар тобундагылар "чет жактан келгендер шоуну байытып, ага түрдүү түс бергенин моюнга алышканы менен, Лас Вегаска Чехиянын же Словакиянын атынан жапониялык же башка бир мамлекеттин жараны барат деп ойлобойбуз", деп ачык эле айтышкан. Бирок ким билет? Финалдык таймаштын жеңүүчүсүн дагы кечээкидей эле sms аркылуу телекөрүүчүлөр аныкташат.

Жекшембиде Братиславада өткөн жарым финалдан кийин Атайдын финалга чыгышы туура болдубу? деген суроого сынактын расмий сайтын окугандардын 41% "ооба" деп жооп беришкен. Айта кетсек, калган финалисттердин иргелишин 10-15% гана көрүүчү колдогон.

Атайдын өнөрүнө суктанган, анын талантын мактаган комментарийлер сынактын интернет сайты менен Атайдын "Фейсбуктагы" барагында жамгырдай жаады. Алардын айрымдары:

"чех болушу шарт эмес, мен мындай талантты бизде көрө элекмин, Атай жеңиши керек!"

"сен жеңесиң деп ишенем. Супер"

"Аны менен эч ким атаандаша албайт"

"Кыргызстандын өзүндө мындай мелдеш жок. Андыктан башка өлкөлөрдөгү сынактарга катышып жүрөт. Кыргыз, чех, же немиси болобу, эң негизгиси анын өнөрү элге жагат. Атай жеңсе, биздин кыргызстандык талант болот"

Декабр айында Прага шаарында өтө турган "Чехия - Словакияда таланттар бар" телесынагында Атай уникалдуу өнөрү менен жеңишке жетет деп үмүт артып туралы.

21 жаштагы Атай Өмүрзаков 2010-жылы Орусиядагы "Даңазанын ирмеми" телетаймашында финалга жетип, экинчи орунду ээлеген. Ушул жылдын май айында Украинада "Менин өнөрүм" сынагына катышкан.
XS
SM
MD
LG