Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:34

Казакстан Кыргызстанга аскердик-техникалык жардам көрсөтөт


Казакстан Кыргызстанга аскердик-техникалык жардам көрсөтөт. Бул тууралуу эки өлкөнүн коргоо министрлеринин жолугушуусунда айтылды. Кыргыз министри Абибилла Кудайбердиев жана анын казак кесиптеши Адилбек Жаксыбеков эки тараптуу кызматташтык боюнча негизги маселелерди талкуулап, келерки жылдын планын кабыл алышты. Бул тууралуу Кыргызстандын Коргоо министрлигинен кабарлашты. Жакын арада Кыргызстанга Казакстандан ГАЗ-66 үлгүсүндөгү 9 унаа, ЗИЛ-131 үлгүсүндөгү 11 унаа, толук жабдылган 5 БТР-80 жана ПМ-120 үлгүсүндөгү 30 миномет келет. Бул тууралуу Жарлыкка казак президенти Нурсултан Назарбаев кол койду.

Жакында Казакстандын Тараз шаарында жанкечти жасаган терактта пайдаланылган гранатомет Кыргызстандан сатылып алынышы мүмкүн деген казак полициясынын жоромолун Кыргызстандын Ички иштер жана Коргоо министрликтери четке каккан. (RK)

XS
SM
MD
LG