Президент Дмитрий Медведев АКШ ракетага каршы системасын Европага орнотууну уланта берсе, Россия өлкөнүн батышына жана түштүк аймагына “Искандер” ракеталарын жайгаштыраарын эскертти. Бүгүн жасаган телебилдирүүсүндө Медведев коргоо министрлигине Калнининградда радиолокациялык системаны даярдыкка келтирүү жана стратегиялык ядролук күчтөрдү коргоону күчөтүү тапшырмасы берилгенин айтты.
Президент Вашингтон Европадагы пландарынан баш тартпаса, Москва куралсыздануу жана курал-жарактарды көзөмөлдөө чөйрөсүндө мындан аркы кадамдардан баш тартышы мүмкүн деп кошумчалады.
Президент Вашингтон Европадагы пландарынан баш тартпаса, Москва куралсыздануу жана курал-жарактарды көзөмөлдөө чөйрөсүндө мындан аркы кадамдардан баш тартышы мүмкүн деп кошумчалады.