Кыргызстанда 100 миң адамдын арасынан онуна ВИЧ жуккан. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Сабырбек Жумабеков парламенттин бүгүнкү отурумунда билдирди. Анын айтымында, Өзбекстанда бул көрсөткүч 12 адамды, Орусияда 41, Казакстанда 18 адамды түзөт.
Жумабековдун билдиришинче, Кыргызстандагы ВИЧ вирусуна кабылгандардын 62 пайызы Ош облусуна туура келет. Акыркы он жыл аралыгында ВИЧ жыныстык жол менен жугузган учурлар көбөйгөн. Кыргызстанда ВИЧ 3789 адамга жуккан. (KKs/RK)