Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:39

Отунбаева: аялдар зомбулугуна бөгөт коёлу


Президент Роза Отунбаева бүгүн прокуратура кызматкерлеринин күнүнө арналган иш-чарада аялдарга карата зордук-зомбулукка прокуратура чечкиндүү чара көрүшү керектигин билдирди. Президенттин айтымында, Кыргызстанда аялдарга зордук-зомбулук көрсөткөн учурлар көп, бул жагдайдын алдын алууну жана катталган укук бузууларга прокуратура конкреттүү чара көрүүсү зарыл.

Роза Отунбаева 7-апрелдеги ыңкылаптан кийин прокуратура кызматкерлеринин айлык акысы 50 пайызга көбөйгөнүн, мурдагы авторитардык бийликке кызмат өтөп келген бул тармакты реформалоо оңой эмес экенин да белгиледи.

Ошол эле учурда серепчилер президент Роза Отунбаеваны “өз мөөнөтү бүткөнчө сот жана прокуратура тармагындагы реформаларды аягына чыгара алган жок” деп күнөөлөп келишет.

Роза Отунбаева президенттик кызматты эмки айдын башында, 1-декабрда жаңыдан шайланган президент Алмазбек Атамбаевге тапшырат. (JAk)

XS
SM
MD
LG