Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:56

Ош-Бишкек жолуна сегиз бекет коюлду


Жалал-Абаддын Токтогул районундагы Чычкан капчыгайы кар көчкүдөн тазалаланып жаткандыктан Ош-Бишкек жолундагы унаа кыймылын убактылуу токтотуу үчүн сегиз тосмо бекет коюлду. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Малик Нурдинов “Азаттыкка” маалымдады. Кан жол кечки саат 6дан эртең мененки саат 8ге чейин жабык болду.

Буга чейин Ала-Бел ашуусунун эки тарабында 200дөн ашуун оор жүк ташыган унаалар өтө албай, узун тыгын пайда болгону кабарланган. 27-ноябрда күндүз жол ачылып, ар бир жарым саатта бештен гана жеңил унаа өткөрүлгөн.

Чукул кырдаалдар министрлиги өтө зарыл иш болбосо жолго чыкпай турууну эскертүүдө. Аталган министрликтин маалымат кызматынын өкүлү Абдишарип Бекилов. Чүйдөгү Сосновка айылында жана Токтогул районунда жолдо калган жүргүнчүлөр үчүн ысык тамак уюуштурулуп жатканын “Азаттыкка” билдирди.

25-ноябрда Бишкек-Ош жолунун 246-чакырымында кар көчкү түшүп, бир унааны басып калган эле. Көчкү астында калган "Лексус" унаасынан үч адамдын сөөгү табылган. Алардын экөө Кытайдын, бирөө Кыргызстандын жараны. (EBM)

XS
SM
MD
LG