Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:26

Пакистанда антиамерикалык демонстрация болду


24 аскердин өлүмүнө алып келген НАТОнун аба соккусуна нааразы жүздөгөн адамдар кечээ Пакистанда наарзылык акцияны чыгышты. Эң ири демонстрация Карачи шаарындагы АКШнын консулдук кызматынын жанында болду. Ал жерге чогулгандар президент Барак Обаманын сүрөтүн өрттөштү. Расмий Исламабад болсо Ооганстандагы америкалык аскерлерге жүк ташуучу жолду бууп салганын кабарлады.

Ички иштер министри Рехман Малик: “Мен эле эмес, бүт пакистандыктар азыр НАТОнун соккусун айыптап жатышат. Эмне болбосун, биз өзүбүздүн өнөктөш андай ишке барат деп күткөн эмеспиз”, - деди.

Ал арада Пакистандын тышкы иштер министри Хина Раббани Хар АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтонго телефон чалып, бул боюнча Пакистан тараптын “терең нааразычылыгын” билдирди. НАТО болсо ишембидеги окуяны “трагедиялуу, атайы жасалбаган кокустук” деп атады жана ал тыкыр иликтенет деп касам ичти.

XS
SM
MD
LG