Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:29

Жалал-Абадда коогада жабыркаган ишкерлерге жардам көрсөтүлүүдө


Өткөн жылы облуста улут аралык араздашууда жабыр тарткан 467 ишкердин ар бири 50 миң сомдон кайтарымсыз жардам алышкан. Жакында алардын 150сү 150 миң сомдон үстөк пайызы он жылдан кийин төлөнө турган насыяларды алышты. Облустук бийликтин алдында былтыр июнь окуяларында жабыр тарткан ишкерлерге жардам берүү боюнча түзүлгөн облустук комиссия насыя пулга муктаж болгон дагы 50 ишкердин документтерин тактап бүттү. Ал комиссиянын кароосунда эми 2010- жылдын июнь окуясында жабыр тарткан 125 ишкердин арызын кароо иши турат. Бул тууралуу бүгүн Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын Жалал-Абаддагы эксперти Түгөйбек Чекиев билдирди. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG