АКШ Кыргызстанда демократиянын кыртыш алышына салым кошконуна канааттанат жана бул жаатта аракетин жаңы бийлик менен да улантуу ниети бар. Бул тууралуу "Азаттык үналгысына" эксклюзивдик маегинде АКШ мамлекеттик катчысынын жардамчысы Роберт Блейк билдирди. Америкалык өкүл жаңы кызматка киришкен президент Алмазбек Атамбаев менен анын инаугурациясы бүткөндөн кийин кездешкенде Кыргызстанда сот системасын демократташтырууга көмөк көрсөтө турганын тастыктаган. Роберт Блейк АКШ президенти Барак Обаманын жана мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтондун атынан Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Алмазбек Атамбаевдин инаугурациясына катышуу үчүн Бишкекке келген. (SJ)