Кыргызстанда америкалык программалар мындан ары улантылаарын АКШ мамлекеттик катчысынын жардамчысы Роберт Блейк “Азаттыкка” маегинде тастыктады. Ал былтыркы апрел жана июнь окуяларынан кийин жардам көлөмү эки эсеге көбөйтүлгөнүнө сыймыктанаарын айтты. Бул жардам коомду демократташтырууга каралганын Мамдептин өкүлү баса белгиледи. (SJ/RK)