Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:41

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы алмашты


Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы алмашты. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматынан кабарлашты. Президент Алмазбек Атамбаевдин Жарлыгы менен комитеттин башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев кызматынан бошотулуп, анын ордуна Шамил Атаханов дайындалды. 63 жаштагы Атаханов буга чейин өкмөттө коргоо, күч түзүмдөрүн башкарган вице-премьер болчу. СССРдин ИИМ Академиясын аяктаган. Кыргызстандын ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүн, Бишкек милициясын жетектеген. Соңку 10 жыл аралыгында, өкмөткө келгенче коопсуздук тармагында иштеген эмес.(RK)

XS
SM
MD
LG