Линктер

бейшемби, 29-июнь, 2017 Бишкек убактысы 11:33

Медведев митингчилер менен макул эмес экенин айтты


Орусиянын президенти Дмитрий Медведев кечээ Орусиянын ондогон шаарларында демонстрацияларга чыккандардын талабы менен да, айткандары менен да макул эмес. Бул тууралуу ал бүгүн өзүнүн Фэйсбуктагы баракчасында жазды.

“Баш мыйзамга ылайык, эл өзүнүн позициясын билдиргенге, эркин жыйналууга укугу бар, алар ошентишти”, - деди Медведев. Орус президенти добуш берүүдөгү мыйзам бузуулар жөнүндө баардык шайлоо участкаларынан түшкөн билдирүүлөрдү тыкыр текшерип чыгууга буйрук бергенин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG